Радио

Асанбаева: "Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы өтөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө республика боюнча гана эмес, чет мамлекеттерде да жогорку деңгээлде белгиленип жатканын айтты.
Sputnik
Асанбаева: "Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы өтөт

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө максатында өкмөт 47 иш-чарадан турган план иштеп чыккан. Бул тууралуу Айнура Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта 12-17 ноябрда өтчү "Айтматов жана театр" эл аралык фестивалына даярдыктар кызуу жүрүүдө.

"Залкар жазуучубуздун 90 жылдыгы бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да жогорку деңгээлде белгиленип жатат. Андан сырткары, алдыда да бир топ кызыктуу, масштабдуу иш-чаралар болот. Жакында эле III Эл аралык "Чынгыз Айтматов жана доор чакырыктары" аталышындагы форум өтүп, ага 25тен ашык мамлекеттен өкүлдөр келип катышты. Эми "Айтматов жана театр" аттуу эл аралык фестиваль 12-17-ноябрь күндөрү өткөнү жатат. Ушул тапта фестивалга катышуу үчүн чет элден билдирмелер келип, министрликтин адистери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда", — деди Асанбаева.

Ал, мындан сырткары, Чынгыз Айтматовдун китептерин, дисктерин чыгаруу колго алынып, даяр болгонун кошумчалады.