Кыргызстанда 13 өлкөнүн өкүлү катышкан жаштар форуму өтүп жатат

Кыргызстанга дүйнөнүн чар тарабынан 19 киши келди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. БУУнун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) Борбор Азия университети менен биргеликте Улуттук көркөм сүрөт музейинде Жаштар форумун өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

1 / 3
БУУнун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) Борбор Азия университети менен биргеликте Улуттук көркөм сүрөт музейинде Жаштар форумун өткөрүүдө
2 / 3
Иш-чара 2018-жылдын 23-26-октябрында өтө турган Дүйнөлүк тоо форумунун (WMF) маанилүү бөлүгү катары уюштурулган
3 / 3
Борбор Азия, Латын Америка, Африка, Азия-Тынч океан аймагы жана Европадан келген 19 киши тоолуу райондордун туруктуу өнүгүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча талкууга катышып жатат.

Иш-чара 2018-жылдын 23-26-октябрында өтө турган Дүйнөлүк тоо форумунун (WMF) маанилүү бөлүгү катары уюштурулган.

Көлдө чабак деп кайсы балык сатылып жатканын билбейсиңер да... Экологдун маеги
Борбор Азия, Латын Америка, Африка, Азия-Тынч океан аймагы жана Европадан келген 19 киши тоолуу райондордун туруктуу өнүгүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча талкууга катышып жатат.

Форумдун жыйынтыгы менен "Кыймылга чакырык" деп аталган документ иштелип чыкмакчы. Анда климаттын тийгизген таасирин жеңилдетүү боюнча программаларды иштеп чыгууга жаштардын берген таасири чагылдырылат.