Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен түшкөн селфисин жарыялады

Сүрөт учактын ичинен тартылганын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы мэри, мурдагы депутат Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учактын ичинде түшкөн сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялады. 

Түлеев сүрөттүн алдына эч нерсе деп жазган эмес. 

Атамбаев 25 жыл ичинде кандай кадрдык ката кетиргенин айтты
Белгилей кетсек, Атамбаев 22-октябрда түштөн кийин катардагы каттам менен Россияга учуп кеткен. Анын учактын ичинде отурган сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган болчу.  

Түлеев дагы өзүнүн Facebook баракчасына Атамбаевди жан сакчысы болушу ыктымал болгон киши менен алдыңкы катарда отурган сүрөтүн жарыялаган. Ал мурдагы президенттин атына бир катар кептерди айткан болчу.

Түлеев селфини жарыялагандан кийин бир аздан соң Атамбаев менен түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө берген. Анда экс-президентке кантип келгенин, анын башкаруусу учурундагы кадр саясаты тууралуу сүйлөшкөндөрүн жазган. 

КСДП буга чейин мурдагы мамлекет башчысы Россияга Азия, Африка жана Латын Америкадагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын Х башкы ассамблеясына катышууга барарын кабарлаган.  

Ал ортодо Атамбаевдин жансакчылары бир кыйла азайды деген маалымат тарап, ага УКМК жооп кайтарды.