2016-жылдын март айында реконструкция иштери башталган мамлекеттик музей эмне себептен азыркыга чейин ачылбай жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып, музейге да барып көрдү.
Биз барган маалда имараттын эшигинин түбүндө 10го чукул окуучу кыздар жана мугалими туруптур. Музейге экскурсияга келген сыяктуу, терезесинен алмак-салмак ичин шыкаалап карап жатышты.
Жылдыз Насымканова "Давха" мектеп комплексинин кыргыз тилчи мугалими атайын окуучуларга музейди көрсөткөнү келген.
"6-класстын окуучуларына музейди, анын ичиндеги кыргыздын улуттук баалуулуктарын көргөзөйүн деп келгем да. Көрсө, дагы эле ачыла элек турбайбы", — деди Насымканова.
Аталган жайдын эшигинде "музей реконструкцияга жабык" деген кагаз чапталып турат.
Тегерек четине көз чаптырсак, сырттагы курулуш иштери бүткөн өңдүү. Кызматкерлери менен сүйлөшүп качан ачыла турганын сурап көрөлү деп имаратты айлана бастык. Музейге кызматтык эшиги аркылуу кирдик.
Күзөтчүлөр имараттын ичин кыдырып чыгууга уруксат берген жок, жетекчилик журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып койгонун айтышты. Телефон аркылуу байланышканыбызда бул маселе боюнча Маданият министрлиги гана маалымат бере алары белгилүү болду.
Бирок музейдин эмне себептен ушул убакытка чейин ачылбай жатканын жана качан ишке кирерин Маданият министрлиги да билбейт экен.
"Качан ачыларын бизге президенттин аппаратынан кабарлашат. Биз анан гана ЖМКга чыгарабыз. Азырынча ал тууралуу эч кандай билдирүү жок", — дешти министрликтен.
Бирок май айында депутаттар Тарых музейин реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгып, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ал эмеректин баасын жарыялаган.
Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү иштерин баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон.
Баса, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорун Түркиянын ТИКА уюму каржылап, башында аны оңдоп-түзөөгө 270 миллион сом сарпталары айтылган.
Ал эми музейдин качан ачылары тууралуу сурообуз ачык калды.