Өкмөт үйүнүн сырткы шыбагы түшүп калды. Сүрөт

Күбө имараттын шыбагы упараланып түшкөн сүрөтүн жиберди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Эски аянтта жайгашкан өкмөт үйүнүн сыртынын маңдай жагынын шыбагы түшүп калганын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Штукатурка посыпалась на лицевой стороне Дома правительства

Күбө сүрөттү бүгүн кечинде тартып алганын ырастады. 

Штукатурка посыпалась на лицевой стороне Дома правительства

Анда өкмөт үйүнүн кире беришине шыбак упаранып түшкөнүн көрүүгө болот. 

Бул боюнча өкмөттөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. 

Социалдык тармактын колдонуучулары буга чейин да өкмөт үйүнүн шыбагы түшүп калганын айтып, анын сүрөтүн жарыялашкан болчу.