Бишкекте бир нече күн бою универсалдуу жарманке уюштурулат

Анда ондогон ата мекендик ишкана продукцияларын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда көргөзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаада ири көргөзмө-жарманке өтөрүн Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Бишкекте 40тай өлкө катышкан эл аралык тоо форуму уюштурулат
Маалыматка ылайык, "Бишкек — 2018" аталышындагы иш-чара 1-5-ноябрь күндөрү уюштурулат. Анда ондогон ата мекендик ишкана өзүнүн продукцияларын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда көргөзөт.

XXVI жолу өтүп жаткан саамалыкта айыл чарба, курулуш, туризм, транспорт, жеңил өнөр жай, машина куруу, кайра иштетүү тармактарына керектүү жабдуулар коюлуп, конференция, семинарлар болот.