БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдына "Альянс Курулуш Плюс" курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү митингге чыкты.
Ал кошумчалагандай, 500гө жакын адам алданып, ар бири 10 миңден 100 миң долларга чейинки акчасын жоготкон.
Шульженконун айтымында, 19-октябрь күнү Бишкек шаардык соту №3 кичирайондо толугу менен курулуп бүткөн үйдү түрттүрүү боюнча чечим чыгарган.
"Эл үйсүз калат. Ансыз деле бул чечимден кийин бир үлүшчү каза болуп, үчөө инсульт алышты. Там азырынча турат, биз Жогорку сотко кайрылууга акыбыз бар. Бирок ал жакта деле бардыгы сатылып кеткен болушу керек деп ойлоп президентке кайрылып жатабыз. Үнүбүздү укса экен", — деди Шульженко.
Эске салсак, ушул жылдын 15-августунда аталган ишкананын жетекчиси шылуундукка шектелип кармалган болчу.