Атамбаевдин учактын ичиндеги сүрөтү жарыяланды

Экс-президенттин Россияга бара турганы кабарланган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Россияга катардагы учак менен учуп кетти. Анын учактын ичиндеги сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Сүрөттө Атамбаевдин жансакчысы болушу ыктымал болгон киши менен отурганын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, КСДП буга чейин мурдагы мамлекет башчысы Россияга Азия, Африка жана Латын Америкадагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын Х башкы ассамблеясына катышууга барарын кабарлаган

Ал ортодо Атамбаевдин жансакчылары бир кыйла азайды деген маалымат тарап, ага УКМК жооп кайтарды