Апта ирмеми: Aurus айдаган Путинден сүрөөнчү селкилерге чейин

Sputnik

Өткөн жумада Египеттин башчысы Абдель Фаттах ас-Сиси Россияга келди. Владимир Путин президенттин кортежиндеги Aurus автоунаасын айдап, экөө Сочи шаарындагы трассадан өтүштү.

Чуулгандуу, сексуалдуу. Армян тектүү, 38 жаштагы Кардашьяндын башкача сүрөттөрү
Керчь шаарынын тургундары политехникалык колледжде каза болгондорду эстеп мемориалга гүл коюшту. 17-октябрда дал ушул жерде төртүнчү курстун студенти ок чыгарып, бомба жардырган. Акыркы маалыматтар боюнча 21 киши каза болгон. Алардын 16сы студент, бешөө окуу жайдын жумушчулары. 50дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алган. Ок чыгарган студент колледждин китепканасында өз жанын кыйган.

Грециядагы адаттан тыш ысык, Исландиядагы түндүк жаркырагы, Лондондун зоопаркындагы коңур күздүн сүрөтүн сүрөт топтомунан көргүлө.

1 / 18
Израиль аскерлери менен палестиналыктар кагышты. Каршылык акциясына чыккандар Ас Савия шаарындагы палестин мектебинин жабылышына каршы чыгышкан.
2 / 18
Грециядагы ысык аба ырайынан улам жөргөмүштөр көбөйүп, аралдагы бак-дарактар желеге чулганып калды.
3 / 18
Россиянын президенти Владимир Путин Египеттин башчысы Абдель Фаттах ас-Сиси менен Aurus автоунаасын Сочи автодромунан айдап өттү
4 / 18
Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер Брюсселде өткөн АСЕМ (Азия — Европа) саммитинде
5 / 18
Лондондун зоопаркында жерге түшкөн жалбыракка оонап жаткан арстан
6 / 18
Керчь шаарынын тургундары колледжде болгон жардыруудан каза болгондорду эскерди
7 / 18
Россиялык дизайнер Вячеслав Зайцевдин коллекциясы Москвада өткөн Mercedes-Benz Fashion Week Russia мода жумалыгында "Париждеги орус сезону" деген аталыш менен элге тартууланды
8 / 18
Индиянын полициясы Сабаримале шаарындагы чиркөөлөргө аялдардын да барып сыйынуусуна уруксат берген Жогорку соттун чечимине каршы болгон кишини колго чаап жатат
9 / 18
Сириянын Алеппо шаарында уюштурулган аскерий аракеттерден жабыркаган имараттар
10 / 18
Испаниянын Кампильос аймагындагы чагылган
11 / 18
Гондурастан АКШга мигранттар тобу менен келип жатат. АКШ президенти Дональд Трамп эгер элдин агымы сээлдебесе, Гондураска каржы жагынан жардам берүү токтотула турганын айтты.
12 / 18
Франкфурттун (Германия) чет жагындагы ашкабак талаасы
13 / 18
Кытайдын Гуйчжоу провинциясында шар фестивалы өттү
14 / 18
Италиялык гимнаст. Буэнос-Айресте өткөн жаштар олимпиадасы.
15 / 18
Англияда "Аскер убагындагы темир жол" аттуу тематикалык иш-чара уюштурулду
16 / 18
Исландиянын түндүгүндөгү түндүк жаркырагы
17 / 18
Канзада Гарри менен жубайы Меган Маркл OneWave коомчулугунун жылдык жолугушуусуна катышууда. Бул жолугушууда серферлер пикир алмашуу болот. Учурда Канзада Гарри менен жубайы Меган Маркл Австралия менен Океанияны расмий сапар менен кыдырып жүрөт.
18 / 18
Американын "Теннеси Тайтенс" футбол клубунун колдоо тобунун кыздары Лондондогу Уэмбли стадионунда