Экс-президент Алмазбек Атамбаев Россияга барат. Себеби

Мурдагы президент Санкт-Петербург менен Москва шаарларында болот.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын Х башкы ассамблеясына катышуу үчүн Москва шаарына барат. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы билдирди.

Депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин алмай болушту. Мыйзам долбоору даяр
Ага ылайык, аталган иш-чара 24-27-октябрда өтөт. Анда Азиянын, Африканын жана Латын Американын алдыңкы саясий партияларынын лидерлери менен өкүлдөрү эл аралык күн тартипте турган маселелерди, экстремизм менен күрөшүү жолдорун талкуулашат.

Андан сырткары, партиялар аралык кызматташуу тууралуу да сөз болот. Ошондой эле көз карандысыз мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө боюнча тегерек стол уюштурулмакчы.

Атамбаев 22-23-октябрда Санкт-Петербург шаарында болуп, жеңесинин зыйнатына катышат.

Маалыматта экс-президент 28-октябрда Бишкекке кайта турганы айтылат.