Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча Бишкекте 1800дөй мыйзамсыз курулуш жок кылынды. Былтыр алардын саны 4000дин тегерегинде болчу. Бул тууралуу Азамат Сагындык уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Ага Экотехинспекция, шаар мэриясы жана "Бишкекархитектура" ишканасы сыяктуу мекемелер кирген.
"Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштардын көптүгү өзгөчө жаңы жолдор салынып баштаган учурда билинип калды. Башкы планга дал келбей, көркүн бузган курулуштардын 4000и былтыр түрттүрүлүп же эскертүү берилип ээлери тарабынан алынган. Быйыл тогуз айда 1800 мыйзамсыз курулуш жок кылынды. Алардын арасында кичинекей күркө же тосмодон тартып, чоң-чоң үйлөргө чейин бар. Бул маселе былтыр өзгөчө курч тургандыктан, атайын штаб түзүлүп, ага тиешелүү мамлекеттик мекемелерден адистер кирген. Аталган штаб бул маселе толук чечилмейин өз ишин уланта бермекчи", — деди Сагындык уулу.
Ал ошондой эле шаарда жерди ижарага алып иштеткендер акысын убагында төлөбөй жаткандыгын жана жакында бул багытта да олуттуу иштер жасаларын кошумчалады.