ЖККУнун "Кант" аба базасы 15 жылдыгын белгиледи. Фото

Кыргызстан 2003-жылы 23-октябрда 15 жылга Россия ЖККУнун алкагында Кант шаарына авиабазаны жайгаштыруу боюнча Кыргызстан менен келишим түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келиши уюмунун (ЖККУ)  "Кант" авиабазасынын түптөлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган авиабазанын маалымат кызматынан кабарлышты.

1 / 4
Жамааттык коопсуздук келиши уюмунун (ЖККУ) "Кант" авиабазасынын түптөлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү
2 / 4
Иш-чарага өздүк курам менен аскер жетекчилеринен сырткары, ардагерлер жана диний кызматкерлер да келген
3 / 4
Аскер бөлүгүндө кызматы менен өзгөлөнгөн жоокерлерге, кызматкерлерге мактоо баракчалары, РФтин Коргоо министрлигинин төш белгилери жана белектер ыйгарылды
4 / 4
Мааракенин салтанаттуу бөлүгүнөн кийин маданият үйүндө жоокерлердин үй-бүлөсүнө, конокторго концерт уюштурулган.

Иш-чарага өздүк курам менен аскер жетекчилеринен сырткары, ардагерлер жана диний кызматкерлер да келген.

"Авиациялык базанын командири Андрей Янкин жоокерлерди куттуктап, боордош элдин жеринде тынчтык жана ынтымактуулукту орнотууга кошкон салымын үчүн ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалады", — деп жазылат маалыматта.

"Кант" авиабазасынын аскери баласы менен бараткан аялды коюп кетти
Аскер бөлүгүндө кызматы менен өзгөлөнгөн жоокерлерге, кызматкерлерге мактоо баракчалары, РФтин Коргоо министрлигинин төш белгилери жана белектер ыйгарылды.

Мааракенин салтанаттуу бөлүгүнөн кийин маданият үйүндө жоокерлердин үй-бүлөсүнө, конокторго концерт уюштурулган. Анда Россиядан келген Александрова ансамбли катышып, соңунда асманга шарлар кое берилди.

Кыргызстан 2003-жылы 23-октябрда 15 жылга Россия  ЖККУнун алкагында Кант шаарына  авиабаза жайгаштыруу боюнча Кыргызстан менен келишим түзгөн.  Анын максаты ЖККУга мүчө өлкөлөрдү абадан колдоо болгон.