ЖКнын депутаты автокырсыкка кабылып, энеси ошол жерден каза болду

Маалыматтарга караганда, айдоочу жол тандабастын рулду башкара албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. ЖКнын депутаты Нодирбек Каримов Бишкек-Ош жолунда автокырсыкка кабылып, автоунаада уулу менен кошо кетип бара жаткан энеси каза тапты. Бул туурасында тартип коргоо органдарындагы булактар билдиришти. 

Кеминде Mercedes менен жолтандабас сүзүшүп, айдоочу жана ымыркай мүрт кетти. Сүрөт
Маалыматтарга караганда айдоочу рулду башкара албай, окуя Бишкек-Ош жолунун 207-чакырымында болгондугу кабарланды. 

Кырсыктан дагы бир нече киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 

Депутаттын жардамчысы Sputnik Кыргызстандын кабарчысына депутат энесинин сөөгүн кичи мекени Өзгөнгө алып кетип бара жатканын айтты.