Келе жаткан жумада аба ырайы кандай болот. 26-октябрга чейинки божомол

Келерки апта өтүп бара жаткан жумадан кескин айырмаланат
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет 26-октябрга чейинки аба ырайы кандай болорун айтты.

22-октябрда күндүз да, түндө да жаан-чачын жаабайт.

23-октябрда күн ачык болот. Ысык-Көлдө жамгыр төгүп, тоолорго кар түшөт.

24-октябрда күн бүркөлбөйт.

25-26-октябрда тоолуу райондорго кылмык кар түшүшү күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот.

27-28-октябрда жаан-чачын болбойт, күн бир аз ысыйт.