Индиянын өкмөт башчысы кыргыз ырчылары тууралуу Twitter баракчасына жазды

Клип Ысык-Көлдө жана Ала-Арча жаратылыш паркында жана борбордук "Ала-Тоо" аянтында тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди кыргызстандык ырчылардын аткаруусундагы чыгарманы өзүнүн Twitter баракчасына бөлүштү.

​Анда өкмөт башчы Моди аткаруучуларга ыраазычылык билдирип жазган.

"Ырчы Жылдыз Өмүралиева, Гүлжан Бекбатырова жана музыкант Нурлан Жунушев Бхаджандын чыныгы рухун көргөздү", — деп жазган ал.

Британиялык белгилүү ырчы Жосс Стоун кыргызча ырдады. Боз үйдө тартылган видео
Клип Ысык-Көлдө жана Ала-Арча жаратылыш паркында жана борбордук "Ала-Тоо" аянтында тартылган.

Ырчылар аткарган "Vaishnava Jana To" ыры XV кылымда акын Нарси Мехто тарабынан жазылган. Ал белгилүү саясатчы Махатма Гандинин жакшы көрүп уккан чыгармаларынын бири болгон.

Эске сала кетсек, быйыл дүйнө жүзү боюнча Махатма Гандинин 150 жылдыгы белгиленүүдө.