Муштумдай болгону менен кыйын экен! Тоту куштун боорду эзген видеосу

Жаныбарлар курсагын тойгузуу үчүн эмнеге гана барышпайт. Айрым учурда алар өзүнөн бир нече эсе чоң жандыктар менен салгылашуу даяр.
Sputnik

Өрдөк ылай суудан жолборстун айласын кетирди. Күлкүлүү видео
Көпчүлүктү жадаткан тоту куш Австралиядагы коруктардын бирин байырлайт. Бул тууралуу Sputnik Грузия агенттиги жазып чыкты. Видео YouTube каналына жарыялган. Анда жем жеп жаткан кенгурулардын табагынан тоту куш алгач, чатагы жок келип, акырын "ооз тийген".  Канаттуу башын батырып алгандан кийин беркилерди мурду-башынан тиштеп, андан соң жаныбарларды кубалап жиберип, ачка калтыргандыгын көрүүгө болот.

Коруктун кызматкерлеринин айтымында, канаттуу негизинен бардыгын куйругунан тиштесе, бул ирет ал башкача ыкманы колдонгон.  Маалыматта тоту куш тандап жеп, буудайлардын жаманын жерге таштап, жакшылары менен курсагын тойгузгандыгы жазылган.