Мүлкүн өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Сокулук районунда кылмышкерлердин тобу жергиликтүү тургунду күч менен унаага салып Военно-Антоновка айылынын четиндеги Чоң Чүй каналына алып барышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаада мүлк жана акча опузалаган адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мекендештерин сабап, тоноп жүрүшкөн. Москвада кыргызстандыктар кармалды
Билдирүүгө ылайык, Сокулук районунда кылмышкерлердин тобу жергиликтүү тургунду күч менен унаага салып Военно-Антоновка айылынын четиндеги Чоң Чүй каналына алып барышкан. Алар кишини коркутуп, бир айдын ичинде эки жер участогун жана Lexus унаасын өткөрүп берүүнү талап кылышкан.

Убакыт өткөн сайын алар жаранга өздөрүнүн талаптарын эскертип турушкан.

Милиция кечээ, 19-октябрда кылмышка шектүүлөрдүн бири, уюшкан кылмыштуу топтун 29 жаштагы мүчөсүн кармады. Калган шектүүлөрдү издөө уланууда.