Бишкекте таштанды челектин жанынан милициянын баш кийими табылды. Видео

Кабарчылар Facebook баракчага баш кийимдин ээсин издеп, видео кайрылуу жүктөгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. 19-октябрь күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Мамлекеттик тарых музейинин артындагы таштанды челектин жанынан милициянын баш кийимин таап алышкан.

Кийинчерээк кабарчылар Facebook баракчага баш кийимдин ээсин издеп, видео кайрылуу жүктөгөн.

Көп өтпөй редакциябызга ИИМ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов келип, видеону көргөндөн кийин ЖКККББ жетекчилиги бул ишти өз көзөмөлүнө алганын айтты. Ал Бишкектин, Чүй облусунун бардык автоинспекторлорунан сураштырып чыкканын жана баш кийимин жоготкудай өлкөдө эч кандай деле кырсык болбогонун билдирди. 

Сотрудник патрульной милиции Нарынской области Тилек Оторов

Оторовдун айтымында, фурашка эч кимге таандык эмес.

Ташматов: туристтик милициянын 50 пайызын аялзаты түзөт
"Көрүнүп тургандай бул жаңы экен. Бирөө кийгендей из, так деле калбаптыр. Мындай баш кийимдер шаардын көп эле соода жайларында сатылат. Балким бирөө биздин кызматты жаманатты кылгысы келгендир. Бирок анын ою ишке ашкан жок, же болбосо тамашага салгысы келгендир, " — деди Оторов.

Ал ЖКККББнын жетекчилигинин алдында отчет бериш үчүн милициянын баш кийимин Sputnik агенттигинин кабарчыларынан алып кетти.