Аргентинадагы III жаштар олимпиадасы cоңуна чыкты

3 медалы менен Кыргызстан 206 өлкөдөн 67-орунду ээледи
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында 6-октябрда башталган III жаштар олимпиадалык оюндары жыйынтыкталды.

Анда Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрү боюнча ат салышып, 2 күмүш, 1 коло медаль утушту. Натыйжада Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 67-орунга илинди. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтына жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчулар "Даңк" медалы менен сыйланды
Жаштар олимпиадасында сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов менен грек-рим күрөшүнөн Элмирбек Садыров күмүш байге уткан. Ошондой эле шпага менен жеке таймашта Хасан Баудунов фехтование боюнча коло байгеге татыктуу болгон.

Ал эми дзюдо боюнча Султан Жеңишбеков, фехтования боюнча Хасан Баудунов аралаш командалар ортосундагы мелдештерге катышып, аларга ыйгарылган күмүш жана коло байгелер өлкөнүн байге куржунуна салынган эмес.

Жаштар олимпиадасында жалпы командалык эсепте биринчи орунду Россиянын спортчулары ээлеп, алар 29 алтын, 18 күмүш жана 12 коло байгени олжолоп кетишти. Экинчи орунду Кытай, үчүнчүнү Япония өлкөлөрү ээледи. Оюн ээси Аргентина алтынчы орунга илинди. Борбор Азиядан Өзбекстан 13, Казакстан 14-орунду камсыз кылды. 206 мамлекеттен 92 өлкө гана байгелүү орундарды ээледи.

Келээрки IV жаштар олимпиадасы 2022-жылы Сенегал өлкөсүнүн Дакар шаарында болмокчу.