Зилалиевге "бомба" окуясы боюнча соттун өкүмү чыкты

Зилалиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 228-беренеси ("Террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү") боюна кылмыш иши козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди үч жылга шарттуу эркинен ажыратты.

Сот отуруму 18-октябрь күнү болду.

Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Эскерте кетсек, айрым ЖМКлар 2017-жылы 24-ноябрда, президенттин инаугурациясы болгон күнү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өкмөттүк трассага коюлган бомба тууралуу маалымат түшкөнүн жазып чыгышкан. Маалыматты ИИМ академиясында окуган кыз Зилалиевге таянуу менен билдирген.

Зилалиев курсант кыз анын айткандарын туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн экенин, же "формаңды оңдоп ал деген сөзгө теригип Зилалиев бомба жарылат деп айтты" деши ыктымал деген пикирин айткан