УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары дайындалды

Тиешелүү буйрукка президент кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангында Антикоррупциялык кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараев февралда ишинен алынгандан бери бул кызмат орду бош турган.