Тажикстан менен чектешкен жерде жер титиреп, Ошко чейин сезилди

Жер жума күнү саат 19.25те силкинди.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бүгүн, 19-октябрда саат 19.25те Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, эпицентрде жердин титирөөсү алты баллга жетип, Ошто үч баллдык силкинүү сезилди. 

ӨКМден билдиришкендей, жабыркагандар болгон жок.