Радикализмдин алдын алып... Студенттер 16 күндүк окуудан өттү

Окутуу Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында жүргүзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы 14 жогорку окуу жайдын студенттерине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, радикализмдин алдын алуу боюнча 16 күндүк окуу өткөрдү. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Иш-чарада Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана светтик мамлекеттин принциптери, конфессиялар аралык толеранттуулук, диний баалуулуктарды жана сабырдуулук боюнча түшүндүрүү сабактары болду", — деп жазылат маалыматта.

Басма сөз кызматы окуу 2014-2020-жылдарга карата Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында жүргүзүлгөндүгүн билдирген.