Нурсулу Ахметова президенттин аппаратындагы кызматынан бошотулду

Ахметова бөлүм башчылыкка үстүбүздөгү жылдын февраль айында келген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Нурсулу Ахметова президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчылыгынан кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Маалыматта Нурсулу Ахметова кызматынан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулганы айтылат. Ахметова бөлүм башчылыкка 2018-жылдын февраль айында келген.