Радио

Жанжигит уулу: улуттук статусу жок театр кызматкерлеринин айлыгы өскөн жок

Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу өлкө боюнча жалпы 24 гана театр бар экенин айтты.
Sputnik
Жанжигит уулу: улуттук статусу жок театр кызматкерлеринин айлыгы өскөн жок

Улуттук статусу жок театр кызматкерлеринин айлыгы жогорулаган жок. Бул тууралуу Жолдошбек Жанжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы театр кызматкерлеринин баарынын күнүмдүк жашоого болгон муктаждыгы бирдей.

"Чындыгында азыркы кезде улуттук статусу бар театр кызматкерлерине майрам болуп, кубанып жатышат. Мен да кубанычтамын, бирок башкачараак көз караштамын. Албетте жогорку кызматта отургандар бул нерсени чечкенден кийин биз алардын жанында алсызбыз. Ошентсе да жамааттын атынан пикир айтып койгум келет. Бишкекте жайгашкан театр кызматкерлеринин баарынын социалдык, экономикалык жактан абалы бирдей. Күнүмдүк жашоого болгон муктаждыгы окшош эле. Балким улуттук статусу бар театр кызматкерлеринин айлык акысын 80 пайызга эмес, 40 пайызга жогорулатып, жалпы теарда иштегендерге бирдей карашса болмоктур", — деди Жанжигит уулу.

Ал Нарын облусундагы теарда эмгектенгендер жаш көрүүчүлөр театрында иштеген актерлордон көбүрөөк айлык аларын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга чейин көтөрүлдү деген маалымат жарыяланган.