Керчте жабыркагандар Крым, Кубань жана Москвадагы ооруканаларда дарыланууда

Жалпысынан 33 киши ооруканага жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Керчь шаарындагы политехникалык колледжде болгон жардыруудан жана ок атуудан жабыркагандар Москва, Крым жана Краснодар крайындагы он ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. 

Өлкөнүн түндүгүн түшүрүү. XXI кылымдагы президенттерге кол салуулар
Ага ылайык, жалпысынан 33 киши ооруканага жаткырылган. Анын ичинде 5 киши өтө оор абалда болсо, 12 кишинин абалы оор жана 26 киши өзүн орто сезип жатат. Жабыркагандар менен психологдор дагы иштөөдө.

Шаршемби күнү төртүнчү курстун студенти политехникалык колледжде ок чыгарып, бомба жардырган. Акыркы маалыматтар боюнча анын кесепетинен 21 киши каза болгон. Алардын 16сы студент, бешөө окуу жайдын кызматкерлери. 50дөн ашык киши түрдүү жаракат алган. Аталган факты боюнча алгач теракт деп кылмыш иши козголгон, бирок кийин ал адам өлтүрүү беренеси менен алмаштырылган. Ал эми ок чыгарган студент колледждин китепканасында өзүн өлтүргөн.