БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош каттамына авиабилеттерди арзандатуунун бир эле жолу бар. Өкмөт ата мекендик компаниялардын салыгын азайытышы керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов "КР учактары менен учуу кооптуубу? Коопсуздук жана авиабилеттердин баалары" аттуу тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, учурда өкмөт жеке менчик компанияларды мажбурлап билеттин наркын арзандаттыра албайт.
"Өкмөт кээ бир кыйыр салыктардан жеңилдик берип, ордуна бир келишим түзүшү керек. Билеттерди аздандатуунун башка жолу жок. Биз "инвестор, инвестор" деп көп эле айтбыз. Бирок эмнегедир инвесторду бир кап акча көтөрүп келген адам катары элестетебиз. Бизде ички инвесторлорго көңүл бурулбай жатат. Эмне үчүн алар капиталын чет жакка алып кетип объектилерди курушу керек. Ошолор деле өзүбүзгө жаңы самолетторду алып келип иштей алышат", — деди депутат.
Белгилей кетсек, тегерек стол Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өттү.