Пресс-борбор

Бишкек — Ош каттамына билеттер 4000 сомдон жогору болбойт

Билеттерди 1700-1800 сомго дагы сатып алса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош каттамына билеттердин баасы 4000 сомдон ашпашы керек. Бул туурасында Air Manas авиа компаниясынын башкы директорунун орун басары Данияр Арынов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өтүп жаткан тегерек столдо сүйлөп жатып билдирди.

Ал белгилегендей, мындай наркты Монополияга каршы күрөшү мамлекеттик агенттиги коюп берген.

Депутат президент үчүн учакты Кытайдан, Араб өлкөлөрүнөн суроону сунуштады
Ушундай эле пикирин TezJet компаниясынын аткаруучу директору Ян Екимовский да билдирди.

Ал эми Жарандык авиация агенттигинин укуктук колдоо жана жарандык авиация ишмердүүлүгүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакиров минималдуу баалар 1700-1800 сом болуп жатканын белгиледи. Бирок билеттерди мындай баага бери дегенде бир ай мурун сатып алуу керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ички каттамдарды Air Manas, TezJet жана AviaTraffic авиакомпаниялары тейлейт.