Алматыда экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту болду. Сүрөт

Соттолуучунун адвокаттары ишти Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Алматынын атайылаштырылган райондор аралык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карай баштады.

1 / 2
Алматынын атайылаштырылган райондор аралык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карай баштады
2 / 2
Буга чейин ЖМКларга Асылбек уулу аты-жөнүн гана эмес, туулган жылын да өзгөрткөнү боюнча маалыматтар тараган.

Sputnik Казакстан жазгандай, соттолуучу Кыргызстандын жараны жана Бишкекте жашайт. Буга чейин ЖМКларга Асылбек уулу аты-жөнүн гана эмес, туулган жылын да өзгөрткөнү боюнча маалыматтар тараган.

Президент Жээнбеков Казакстанда кармалган ЖК депутаты боюнча үн катты
Айыпталуучунун жактоочулары ишти Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган.