БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат. Бул туурасында Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешменин жыйынында айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
2018-жылдын май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.
"Сот-укуктук реформасы ишке ашмайынча, мамлекет өнүгө албайт. Кыргызстандыктардын пикири боюнча, сот жана укук коргоо органдары эң коррупциялашкан органдар. Мындай абалды толугу менен өзгөртүшүбүз керек. Сот-укуктук реформа качан ишке ашат деп эл күтүп жатат, биз жарандардын мүдөөсүн жана ишенимин акташыбыз зарыл. Тилекке каршы, айрым мамлекеттик органдар эч кандай өзгөрүүлөр болбойт, баары мурдагыдай эле калат деп ойлоп жатышат. Андай болбойт, талаптар күчөйт. Алдыга коюлган маселенин баарын ишке ашырмайынча, тынч уктайм деп ойлобогула", — деди Жээнбеков.
Кеңешмеде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, пробация системасын түзүү, сот системасынын жаңы шарттардагы ишке даярдыгы тууралуу маселелер (сот отурумдарынын залдарында аудио жана видеобайкоо жүргүзүү) талкууланды.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын пробация системасын киргизүүгө болгон начар даярдыгы белгиленип, калган мөөнөттө кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырма берилди.
"Белгиленгендей, төрт блоктон — арызды бирдиктүү реестрде каттоо, сотко чейинки өндүрүштөгү реестрди каттоо, соттук өндүрүштөгү актыларды каттоо, жазаларды аткаруу ишин каттоодон турган Бирдиктүү реестр толугу менен өз ишин 2019-жылдын 1-январынан башташы керек. Бүгүнкү күндө арыздарды каттоого тиешелүү болгон биринчи блок гана сыноодон өттү", — деп айтылат маалыматта.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 2019-жылдын 1-январынан баштап Бирдиктүү реестрди этап-этап менен киргизүү башталарын белгиледи. Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, ЭККМК жана Финансы министрлигинин жетекчилери маселени ишке ашырууда аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берген.
Жээнбеков процессти тездетүү боюнча кошумча чараларды көрүү маселесин койду.
2018-жылдын 1-декабрына чейин бардык тоскоолдуктар жоюлуп, тиешелүү иш башталышы керек, 2019-жылдын 1-январынан баштап, жогоруда аталган бардык органдар Бирдиктүү реестрдин алкагында ишин баштоо зарылдыгы айтылды.
Жээнбеков дагы бир жолу министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин сот-укуктук реформасын ишке ашыруудагы жеке жоопкерчилигин эске салды.