Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Байге фондусу — эки миллион сом.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ош шаарында көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

Ниязов тай казанга улак кучактап ыргыганда… Көк бөрү финалынан кызыктуу видео
Ал белгилегендей Кыргызстандын биринчилиги көп жылдан бери уюштурулбай калган. Мында Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жаана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда күч сынашат.

Мелдештер Оштун "Төлөйкөн" ат майданында 29-октябрда башталып 3-ноябрга чейин созулат. Байге фондусу — эки миллион сом. Баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.