БАЛЫКЧЫ, 18-окт. — Sputnik. Балыкчы шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде 84 даана видео камера жана 2 даана жол эрежесин бузууну каттоочу видео көзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Табалдиев билдирди.
Анын айтымында, жабдуулар Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун башкаруу дирекциясы тарабынан каржыланган.
"Тендерди "Гранд ПРО" ЖЧКсы жеңип, шаар ичине 84 видео көзөмөл камерасы 8 миллион 979 миң 577 сомго орнотулду", — деди Табалдиев.
Камера орнотулган көчөлөр:
— Шаардын батыш тарабындагы айлампага — 5 камера;
— Автобекетке — 2;
— Абдрахманов/Тоголок Молдо көчөлөрүнө — 2;
— Абдрахманов/Калдыбаев көчөлөрүнө — 2;
— Абдрахманов/Токтосунов көчөлөрүнө — 2;
— Абдрахманов/Каралаев көчөлөрүнө — 2,
— Мэрияда — 1;
— Тоголок Молдо/Тыныстанов, Калдыбаев/Тыныстанов, Аманбаев/Сары-Булак, Аманбаев/Тоголок Молдо, Аманбаев/Ананьево көчөлөрүнө, №4 мектептин алдында, Ала-Тоо базарында, буга кошумча стратегиялык объект болгон "Суу түтүкчөлөр" ишканасынын суу чордондоруна 20 видео көзөмөл камерасы коюлду.
— "Толкун" эс алуу пляжына — 3;
— "Сейил" пляжына — 3 видео жабдуу орнотулду.
Анын айтымында, азыркы тапта жол эрежеси бузулганын каттоочу видео камералар Бишкектеги борбордук базага кошула элек. Мындан тышкары, бир унаа жол эрежесин бузгандарды каттоочу камерасы менен шаар ичин кыдырып турат. Патрулдук унааны Ички иштер министрлиги бермей болду.
"Азыркы күндө тесттик режимде бардык видео камералар иштеп жатат. Камералардын борбордук башкаруусу Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө коюлуп, 1 офицер, 6 кызматкер иштегени жатат. Көзөмөл камераларына бир күндүк мониторинг жүргүзүлүп, унаалардын 26 пайызы жол эрежесин бузгандыгы аныкталды", — деди Асанкадыров.
Ал ошондой эле айып пулдун 50 пайызы шаардык бюджетке, 40 пайызы республикалык бюджетке, калган 10 пайызы Ички иштер министрлигине бөлүнөрүн белгиледи.