Парламент ТИМ башчылыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин колдоду

Айдарбеков буга чейин Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп иштеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына сунушталып жаткан Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин колдоду. 101 депутат Айдарбековдун талапкерлиги үчүн макул деп добуш берди.

ТИМдин мурдагы жетекчиси Абдылдаевдин кызматтан кетишинин себеби айтылды
Аны парламентте өлкө башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга өзү тааныштырган.

Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. "Эл аралык байланыштар" боюнча адистикке ээ жана "Юриспруденция" боюнча магистратураны аяктаган. Көп жылдар бою Тышкы иштер министрлигинде эмгектенип, 2016-жылдын апрелинен тарта Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматын аркалап келген.

Эскерте кетсек, буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев 12-октябрда өз ыктыяры менен кызматынан кеткен