Жаңы төрөлгөн памирлик кыргыз Нарынбекке күбөлүк берилди

Памири Фазул Хан уулу Нарынбекке күбөлүктү депутат Гүлкан Молдобекова тапшырган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Нарындагы памирлик кыргыздардын биринин жаңы төрөлгөн ымыркайына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Памирге кеткен кыргыздардан дайын барбы? Миграция кызматынын жообу
Билдирүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова Нарынга иш сапары менен барып, боордоштордун ал-абалы менен таанышып келген.

Эске салсак, август айында Кыргызстанга Афганистандан келген памирлик кыргыздардын ичинен бир үй-бүлө уулдуу болгон. Ымыркайдын апасы Ширинбүбү Памирли (Ширинбүбү Абдувахит кызы) Кыргызстанга турмушка жаңы чыккандан кийин көп өтпөй келген.

Депутаттын иш сапары учурунда өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов боордоштордун 18 жашка чейинкилери мектепте, ал эми андан улуулары лицейлерде билим алып жатканын айтты.

"Памирлик кыргыздардын улуу мууну билимсиз болгондуктан, көбүнесе мал багуу иштерине тартылып, киреше табуу булагын өздөштүрүп жатат", — деди Кайыпов.

Ал эми анын орун басары Жаркын Ибраева ар бир үй-бүлөгө деп айына 6700 сом каралганын айтып, турак жай акысын да өкмөт төлөп жатканын кошумчалаган. Облустун соцкызматкерлери жалпысынан Нарын облусунда памирлик 36 кандаш жашап жатканын жана алардын 11 баласынын ар бирине 1215 сомдон жөлөк пул төлөнүп жатканын тастыкташты.