Ошто эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Ачылыш аземи "Динамо" спорт клубунда саат 10:30да башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бүгүн, 17-октябрда Ош шаарында эркин күрөш боюнча VII эл аралык турнир башталат. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчулар "Даңк" медалы менен сыйланды
Мелдеш СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналып өткөрүлмөкчү. Ачылыш аземи "Динамо" спорт клубунда саат 10:30да башталат.

Турнирге Кыргызстандын жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстан,Тажикстан жана Россиядан келген 200дөн ашуун спортчулардын күч сынашуусу күтүлүүдө.