БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында уурулар 70 миң доллар салынган сейфти үйдөн чыгарып кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Билдирмеге караганда, 12-сентябрь күнү саат 14.00дө Сокулук райондук милициясына Новопавлокадагы үйлөрдүн бири тонолгону боюнча билдирүү келип түшкөн. Жерине барганда турак жайдан сейф жоголгону белгилүү болгон.
"Түшкү саат 12.00дөн 13.30га чейинки аралыкта кылмышкерлер үйдүн терезесин талкалап кирип 70 миң доллар салынган сейфти арабанын жардамы менен унаага жүктөп качып кетишкен. Сейфте акчадан сырткары, алтын зер буюмдар, Швейцария сааттары жана бир нече фирманын документтери болгон. Алдын ала маалымат боюнча сейфтин салмагы 150 килограммды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада Чүй облустук ички иштер башкармалыгы менен Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милициясы буга чейин бир нече жолу соттолгон 27 жаштагы Щ.А. аттуу жаранды шектүү катары кармады. Алдын ала маалымат боюнча уурулукка үч адам катышкан. Алардын экөө ким экени такталып, учурда изделүүдө.