ӨКМ: Кыргызстанда өрттөн эки киши каза тапты

Биринчи өрттүн себеби анык болсо, экинчисиники билине элек.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстанда шейшемби күнү эки киши өрттөн каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Чаткалда эски мектеп өрттөнүп, окуучулар китепсиз калды. Сүрөт
Биринчи өрт Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндөгү "АБК-Берекет" ишканасынын имаратында чыккан. Кароолчунун эс алуу бөлмөсү күйүп, ичиндеги 55 жаштагы жаштагы жаран түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу себеп болгону айтылууда.

Ал эми 56 жаштагы жарандын өмүрүн алган экинчи өрт Сүлүктү шаарында катталды. Анда турак үй күйдү. Тилсиз жоонун себептери такталууда.