Белоруссияда бажычы пара берем деген кишиден милиция чакырып араң кутулду

Айдоочу ЕАЭБдин аймагына Литвадан унаа тетиктерин мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Белоруссияда "Бенякони" бажы пунктунун кызматкери ага пара берүүгө аракет кылган жаранды карматуу үчүн полиция чакырды. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги жазды.

Сокулукта автоинспектор 200 сом үчүн иштен айдалды. Пара алып жаткан видеосу
36 жаштагы айдоочунун унаасын текшерүү маалында бажычы документтери жок товарды көрүп калган. Кызматкер доомат кое баштаганда, айдоочу анын чөнтөгүнө акча салууга аракет кылган.

Ошол маалда бажычы ага каршылык көрсөтүп, милиция чакырууга аргасыз болду.

Жыйынтыгында Вороновский райондук ички иштер бөлүмү "Пара берүү" беренеси менен айдоочуга кылмыш иши козгоду. Бул өлкөдө бийлик өкүлүнө пара сунуштаган адам айып төлөгөндөн тарта 5 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.