Радио

Эгембердиев: узак сапарга күндүз чыгууну сунуштайбыз

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азиз Эгембердиев туруксуз аба ырайынан улам айдоочуларды сак болууга чакырды.
Sputnik
Эгембердиев: узак сапарга күндүз чыгууну сунуштайбыз

Узак сапарга чыкчу жүргүнчүлөрдү жолго чыкпагыла дегенден алыспыз. Айдоочуларга түнкүсүн эмес, күндүз жол жүрүүнү сунуштайбыз. Мындай пикирин Азиз Эгембердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кечинде жол тайгак болуп, кар көчкү да ошол мезгилде түшүшү мүмкүн.

"Негизи Бишкек шаары менен Бишкек — Ош жолундагы аба ырайын салыштырып болбойт. Шаарга карап алыс жолго чыккан туура эмес. Узак сапар жүргөн айдоочулар ушул тапта сөзсүз унаасынын дөңгөлөгүн кышкыга алмыштырууга тийиш. Жылуу кийимдер менен чогуу чынжырча да алып алууга чакырабыз. Ошондой эле сапарга түнкүсүн эмес, күндүз чыкса кырсык болуп кетүү коркунучу азыраак. Антени кечинде жол тайгак болуп, бул учурда кар көчкү да көбүрөөк түшүшү мүмкүн", — деди Эгембердиев.

Ал айдоочулар айдоо маданиятына жана унаанын техникалык абалына көңүл бурса, алыскы сапарда унаа тыгыны азыраак жарала турганын кошумчалады.