Радио

Шерипова: унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу кырсыктын алдын алат

ӨКМдин маалымат кызматынын башчысы Элмира Шерипова туруксуз аба ырайынан улам айдоочуларды этият болууга чакырды.
Sputnik
Шерипова: унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу кырсыктын алдын алат

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсү боюнча маалымат элге ыкчам жеткирилип жатат. Бул тууралуу Элмира Шерипова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай аба ырайынан улам алыс жолго чыккан айдоочулар чынжыр, күрөк жана жылуу кийимдерди алууга тийиш.

"Айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырабыз. Бул нерсе ар кандай кырсыктын алдын алууга негиз боло алат. Чоң жүк ташуучу унаалар менен алыскы каттамга чыга тургандар жакшылап эки-жагын карап, көзөмөлдөш керек. Ошондой эле жол жүрүүчүлөр калың кийим алууну унутпашы абзел. Айдоочуларга болсо чынжыр, күрөк сыяктуу шаймандарды жанына ала жүрүүнү сунуш кылабыз", — деди Шерипова.

Ал мындан сырткары жайлоодо мал баккандар тезинен тоодон көчүп келиши керектигин кошумчалады.