БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев 12-октябрда өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.
Мыйзамга ылайык, өкмөттүн кайсы бир мүчөсү жумушунан бошогон шартта премьер-министр президентке беш күндүн ичинде Жогорку Кеңештин жактыруусу менен бош орунга талапкер сунуштайт. Ал эми өлкө башчы Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө өкмөт мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.
Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. "Эл аралык байланыштар" боюнча адистикке ээ жана "Юриспруденция" боюнча магистратураны аяктаган. Көп жылдар бою Тышкы иштер министрлигинде эмгектенип, 2016-жылдын апрелинен тарта Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматын аркалап келет.