Анын айтымында, аталган стикерлер ишкерлер үчүн атаандаштыкты пайда кылууда.
"Тамактануучу жайлардын жетекчилери пилоттук долбоорду абдан жакшы кабыл алышты. Ишкерлердин арасында өз ара атаандыштыкты жаратып, тамактануучу объектилер санитардык абалына өзгөчө көңүл буруу керектигин түшүнө баштады. Ошентсе да көпчүлүк кафе-ресторандардын абалын жакшыртуу талап кылынат. Бишкек шаары боюнча 324 стикер берилип, анын 277си кызыл түстөгүсүн алды. Ал эми Ысык-Көл аймагына 94 стикер берилип, анын 44тү – кызыл (кыйла жакшыртуу керек), 37си – сары (бир аз жакшыртуу керек) жана 13ү – жашыл стикерлерге (талаптарга туура келет) ээ болду", — деди санитардык дарыгер.
Имакеев Ысык-Көл жергесиндеги тамактануучу жайлардын көбү сезон учурунда гана иштеп, атайын текшерүүдөн өтпөй калып жатканын кошумчалады.