Кыргызстандыктар Параазиялык оюндардан олжолуу кайтып келишти

Индонезиядагы Параазиялык оюндар 6-октябрда башталып, 13-октябрда жыйынтыкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 16-октябрда кыргызстандык майып спортчулар Индонезиянын борбору Жакарта шаарынан Параазиялык оюндардан кайтып келишти. Бул тууралуу команданы жетектеп барган Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Шейшенкул Бакиров маалымдады.

Ооруну жеңип, өлкө намысын коргогон беш спортчу Параазиялык оюндарга спорттун пауэрлифтинг жана атлетика түрү боюнча катышты.

Аргентина: Жаштар олимпиадасында кыргызстандыктар дагы эки медаль утту
Чалкасынан жатып, оордук көтөрүү боюнча 107 килограмм салмакта Жыргалбек Оросбаев 206 килограмм оордукту багындырып, 4-орунга илинди. 107 килограммдан оор салмакта Адилет Камчыбеков 165 килону көтөрүп, 5-орунду ээледи. 80 килограмм салмакта Максат Аргымбаев 146 килограмм оордукту көтөрүү менен 8-орунга жетти.

Эскерте кетсек, Олимпиадада жана Азия оюндарында 6-орунга чейин байгелүү деп эсептелип, атайын сертификат берилет.

Ал эми жеңил атлетчи Арстан Базаркулов ядро түртүүдө байгелүү орунга илинбей калды. 100 метрге чуркоодо Үмүт Саадабаева марага сегизинчи болуп келди.

Индонезиядагы Параазиялык оюндар 6-октябрда башталып, 13-октябрда жыйынтыкталды.