Казакстандын Өзбекстандагы элчиси 400 миң доллар уурдаган деп айыпталууда

Дипломат жалган документтерге кол койгону айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Казакстандын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаев мамлекеттик бюджеттен 400 миң долларды кымырган деп шектелип жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

ТИМ менен Кылычбек Султандын чырын Коопсуздук кеңеши иликтеди. Жыйынтыгы
Дипломат элчиликтин административдик имаратын курууда аткарылган иштер боюнча жалган документтерге кол койгон деп айыпталууда. Анын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекет 140 миллион теңге (379 миң 733 доллар) чыгым тартканы айтылды.

Бул боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий жооп даярдап жатканын маалымдады.

Ерик Утембаев 2016-жылдын апрель айында Казакстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган.