Радио

Кадыров: браконьерлерди өзүн балыкты коргоого тартышыбыз керек

Көз карандысыз серепчи Арстан Кадыров балык уулоону жолго салууга мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кадыров: браконьерлерди өзүн балыкты коргоого тартышыбыз керек

Браконьерлердин өздөрүн балыкты коргоого тартышыбыз керек. Чет мамлекеттерде мындай тажрыйба ийгиликтүү иштеп келет. Бул тууралуу Арстан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде  маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, браконьерлер менен күрөшүү Экотехинспекциясына жүктөлгөн, бирок алардын чама-чаркы чектелүү.

"Африканын айрым өлкөлөрүндө жакшы бир тажрыйба киргизилген. Алар балык кармоону жөнгө салуу үчүн ошол эле браконьерлерден турган кооперативдерди түзүп, аларга синтетикалык тор менен кармоого тыюу салган жана башка көптөгөн эрежелерди камтыган мыйзам киргизишкен. Бул кооперативдер өздөрүнө бөлүнгөн аймакта гана мыйзамга туура келген каражаттар менен балык кармап, башкаларды аймакка киргизбей кайтарып турушкан. Жыйынтыгында бир жылда эле көлдөрүндөгү балыктын саны 20 пайызга өскөн. Аталган тажрыйба дүйнө эли тарабынан жакшы кабыл алынган," — деди Кадыров.

Ал аталган ыкма учурда дүйнөнүн башка дагы мамлекеттеринде ийгиликтүү иштеп жатканын кошумчалады.