Радио

Кыдыралиева: жашыл экономикага акырындан өтүп жатабыз

"Биз Эксперт" аналитикалык борборунун серепчиси Назгүл Кыдыралиева ишкерлер экологияга терс таасирин тийгизбестен бизнес жасап баштаганын айтты.
Sputnik
Кыдыралиева: жашыл экономикага акырындан өтүп жатабыз

Кыргызстан жашыл экономикага толук кандуу өтө элек, бирок акырындап жылыш бар. Бул тууралуу Назгүл Кыдыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, соңку беш жылда аталган тармакта бир топ иштер жасалган.

"Өлкөнү толук кандуу жашыл экономикага өткөрүүгө беш жыл аздык кылат. Бул аралыкта бир топ аракеттер, алгылыктуу иштер жасалды. Атай кетсем, айрым жарандарыбыз күндүн энергиясын пайдаланууну өздөштүрүүгө жетишти, таштандыларды кайра иштеткенди үйрөндүк. Ошондой эле эң башкысы ишкерлер жаратылышка терс таасир тийгизбестен бизнес жасаса болоорун биле баштады", — деди Кыдыралиева.

Ал 19-октябрда Бишкек шаарында "Жашыл экономика" форуму өтө турганын кошумчалады.