Жээнбековдун алгачкы жылы. Эл аралык аренада президент өзүн кандай алып жүрдү

Сооронбай Жээнбеков туура бир жыл мурда, тагыраагы, былтыр 15-октябрь күнү өлкө башчы болуп шайланган.
Sputnik

Ушул мезгил аралыгында мамлекет жетекчиси ар кайсы өлкөлөргө каттап, эл аралык аренада бир топ иштерди аткарды. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги президенттин кесиптештери менен кол кысышканынан тарта БУУда сүйлөгөнүнө чейинки сүрөт түрмөгүн даярдады.

Жээнбековдун өлкө башчы катары алгачкы иш сапары Россияга болгон. Анда "жаңы башчыбыз кантээр экен?" деп, демин ичине кармап турган эл президенттин учактан чыгып келе жатканын көрүп эле таң калган. Анын өзүнө куп жарашкан пальтосу, кылычтай түз кармаган бою, салабаттуу келбети көпчүлүккө чындап эле жаккан болчу.

Сооронбай Жээнбеков биринчи чет элдик сапарын Москвага жасады

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин Минск шаарында ЖККУнун кезектеги жыйынындагы жолугушуусу. Дал ушул кол алышуудан кийин кыргыз-казак чек арасындагы оор кырдаал жөнгө салынган.

Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Беларусь

Ал эми алгачкы расмий сапары менен Өзбекстанга барган. Анда ал өзбек лидери Шавкат Мирзиёевге "Данакер"орденин тапшырган.

Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Узбекистан

Кыргызстан, Россия жана Казакстандын президенттеринин бул сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууланган. Айрымдар Путин бир тууган эки элди элдештирүүнү көздөп жатыптыр деп айтып чыгышкан.

Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Минск

Апрель айында расмий сапар менен Түркияга, андан ары Бельгияга барган. Сапарлардын алкагында өлкө башчы түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган жана Евробиримдиктин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Рабочий визит президента Кыргызстана в Бельгию

Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны аяктагандан кийин президенттер калааны аралай басышкан.

Заседание Высшего Евразийского экономического совета в Сочи

Жээнбеков 24-26-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына барып БУУнун 73-сессиясына катышты. Сүрөттө перзиденттер жубайлары менен.

Визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в США

Башкаруусунун биринчи жылында эле Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөнгө жетишти.

Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на 73-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН

Жээнбеков Душанбеде КМШ мамлекеттеринин башчылары менен. 

Заседание Совета Глав государств СНГ в Душанбе

Ошол эле күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолуккан. 

Поездка президента КР в Нью-Йорк для участия в общих дебатах 73-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН