Максатбек ажы Токтомушев муфтияттын Москвадагы өкүлчүлүгүн көрдү

Муфтий окууга келген мигранттарга адептүүлүк, билим алуунун зарылдыгы, жүрүм-турум эрежелери жана инсандын милдеттери тууралуу баяндама жасады.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын көрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

1 / 4
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын көрдү.
2 / 4
Расмий өкүл Бактыбек Карашов өкүлчүлүктө Москвадагы мекендештер үчүн сабактар, кайрымдуулук акциялары уюштурулуп турарын белгиледи.
3 / 4
Анын айтымында, Кыргызстандан барган мигранттардын жүрүм-турумуна да көз салынат.
4 / 4
Муфтий Токтомушев окууга келген мигранттарга адептүүлүк, билим алуунун зарылдыгы, жүрүм-турум эрежелери жана инсандын милдеттери тууралуу баяндама жасап, ысырапкорчулуктан, ар кандай терс агымдардан оолак болууга чакырды.

Расмий өкүл Бактыбек Карашов өкүлчүлүктө Москвадагы мекендештер үчүн сабактар, кайрымдуулук акциялары уюштурулуп турарын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандан барган мигранттардын жүрүм-турумуна да көз салынат.

"Учурда өкүлчүлүккө 250дөй мекендеш келип, сабак алат. Англис, орус тилдери окутулуп, дин тууралуу түшүнүк берилет", — деди Карашов.

Муфтий Токтомушев окууга келген мигранттарга адептүүлүк, билим алуунун зарылдыгы, жүрүм-турум эрежелери жана инсандын милдеттери тууралуу баяндама жасап, ысырапкорчулуктан, ар кандай терс агымдардан оолак болууга чакырды.