АКШда француз шарабы жарым миллион долларга сатылды

Маалым болгондой, буга чейин бир дагы шараптын бөтөлкөсү мындай баага сатылган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. 1945-жылкы түшүмдөн жасалган Romanée Conti француз шарабынын бир бөтөлкөсү АКШдагы аукциондо 558 миң долларга сатылды. Бул тууралуу РИА Новости Sotheby's аукцион үйүнүн маалыматына таянып кабарлады.

Францияда эски винонун бөтөлкөсү аукциондо 103 миң еврого сатылды
Маалым болгондой, буга чейин бир дагы шараптын бөтөлкөсү мындай баага сатылган эмес.

Аукцион үйү эски шарап өтөөрү менен бир канча мүнөттөн кийин Robert Drouhin ороосунан 1926-жылкы түшүмдөн даярдалган Macallan вискиси 843,2 миң долларга сатылып кеткенин кошумчалады.