БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Москва шаарында "Эйр Манас" компаниясынын бузулуп калган Boeing 737-800 учагы оңдолуп, Бишкекке аман-эсен келип конду. Бул тууралуу авиакомпаниянын жетекчиси Талгат Нурбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учак бүгүн эртең менен Бишкекке келип конгон. Эл аралык "Манас" аэропортунун сайтындагы маалыматка ылайык, Москва — Бишкек багыты боюнча учкан ZM562_ каттамындагы учак борбор калаага эртең мененки саат 9:37де учуп келди.
Нурбаевдин айтымында, учактын кыймылдаткычы иштей баштаганда индикатор тетиктердин бири бузулуп калгандыгы тууралуу белги берген. Ошол учурда учкуч аны алмаштыруу чечимин кабыл алган. Компаниянын жетекчилиги тетикти дароо эле Европадан алдырууга аракет кылган, бирок логистика жана бажы маселелерине байланыштуу көйгөйлөр чыгып калганы айтылат. Керектүү тетик Бишкектен жөнөтүлгөн.